Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасын өткөрүү регламенти
1-бөлүм. Максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасы (мындан ары – Мектеп лигасы) жыл сайын төмөнкү максаттарда өткөрүлүп турат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адепахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу;
- Республикада спорттун командалык, интеллектуалдык түрлөрүн андан ары өнүктүрүү жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мектептер) окуучуларын дене тарбия жана спортко үзгүлтүксүз тартуу;
- Инсанды гармониялуу өстүрүүнүн эң маанилүү каражаты катары дене тарбия жана спортту пропогандалоо;
- Кыргыз Республикасынын курама командаларына келечектүү спортчуларды тандоо боюнча максаттуу ишти жүргүзүү;
- Мектеп окуучуларынын бош убактысын уюштуруу;
- Базар экономикасынын механизмдерин дене тарбия жана спорт чөйрөсүнө киргизүү.
2-бөлүм. Уюштуруучулар жана алардын милдеттери
2. Спорттун түрлөрү боюнча Мектеп лигасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен жыл сайын жүргүзүлөт.
3.Мектеп лигасынын аткаруучулары жана уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Мектеп лигасынын федерациясы;
- Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясы;
- Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы;
- Кыргыз футболдук союзу;
Турнирная сетка
1
Подача заявок
Обеспечение медицинским персоналом осуществляют администрации школ. Название, логотип, символика и
другие атрибуты школьных команд определяются
администрацией школ при участии школьников.
2
Районные соревнования
Команда, занявшая 1 место выходит в следующий тур. Команды победительницы на следующем туре будут
объединены в следующие подгруппы по 5-6 команд,
которые будут играть по круговой системе.
3
Городские и областные соревнования
III этап - с 15 марта по 15 апреля проводятся соревнования в областях, городах Бишкек и Ош.
Участвуют команды занявшие 1 места во II этапе.
3
Финальные соревнования
Подготовка мест проведения и обеспечение спортивным инвентарем, схема проведения, обеспечения
оказания содействия в судействе, расходы за проезд и
проживание основного состава сборных
команд, участвующих в финальных соревнованиях, несет Госагентство.
Аппеляции к судейству
Протесты на I, II и III этапах игр Школьной лиги подаются в судейскую коллегию, утвержденными
областными Управлениями по делам молодежи, физической
культуры и спорта Госагентства.
Награждение
Команды, занявшие I места в финальных соревнованиях, награждаются переходящим Кубком Школьной лиги,
медалями, дипломами соответствующих степеней
и денежными призами Госагентства.
Программа соревнований
Футбол
Форма команд на I-II этапе может быть спортивная без специальных требований (манижка).
Распределение мест в группе
За победу в матче начисляется 3 очка, за ничью - 1 очко, за поражение - 0 очков.
Дисциплинарные наказания.
Игрок команды, подряд получивший две желтые карточки или красную карточку в одном или в различных матчах турнира, автоматически пропускает следующий
календарный матч турнира. Если игрок получил красную карточку, при этом имея уже одну желтую карточку, автоматически пропускает следующий календарный
матч турнира, с сохранением желтой карточки в его активе
Баскетбол
Заявки подаются отдельно для мужской и женской команды.
“Мектеп лига” өзгөртүүлөр жана тактоолор
«Мектеп лигасы» долбоору орто мектептер үчүн эң масштабдуу жана кызыктуу долбоор экенин далилденди. Бул долбоорду 2 жыл бою ишке ашыргандан кийин бир катар кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр аныкталып, ошого байланыштуу бул долбоорду өсүп келе жаткан муун үчүн өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында толуктоо зарыл.
Социалдык тармактардын, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана башка жат көрүнүштөрдүн өсүшүнө байланыштуу балдардын дене тарбиясына жана спорттун командалык түрлөрүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик саясатты жана калктын сергек жашоо образын ишке ашырууда спортту артыкчылыктуу багыт катары кароо зарыл. Буга байланыштуу мурда кабыл алынган жобого толуктоолорду жана мектеп лигасынын катышуучуларына кеңири түшүндүрмөлөрдү киргизип жатабыз.
Мектеп лигасы – бул орто мектептен башталып, мектепте окуган ар бир адам үчүн негизги болгон долбоор. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн бардык зарыл болгон иш-аракеттер мектептердин администрациясынан, мугалимдеринен жана окуучуларынан башталышы керек.
Орто мектептердин администрациялары
Мектеп лигасына катышууну каалагандар директордун атынан ар бир мектептин администрациясы мектеп окуучуларына жана алардын келечегине кандай пайда алып келээрин түшүнүшү керек. Мисалы, ар бир оюнчу үчүн Кыргыз Республикасынын курама командасына же жогорку окуу жайына жол ачылышы мүмкүн
1Биринчиден, мектеп администрациялары бул долбоор ыктыярдуу экенин жана эч кандай түрдө катышууга милдеттүү эмес экенин түшүнүшү керек. Окуучуларды алардын макулдугусуз ойноого мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
2Мектеп администрациялары калыс жана таза оюн үчүн оюнчулар тууралуу так маалымат берүүгө милдеттүү. Эгерде кандайдыр бир жалган маалымат берилсе дисциплинардык чара көрүү же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
3Командаларды түзүүдө мугалим окуучунун “Мен чемпионмун” программасы боюнча улуттук курама командада же балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде ойноорун эске алышы керек. Болбосо чыр-чатакка алып келиши мүмкүн , бул деген жалпы команда оюндан чететтилет.
- Мектеп директорунун колу жана мөөрү менен кошумча күбөлөндүрүлгөн штрих-коду жана сүрөтү менен окуган жеринен (МСУ) маалымкат (мөөр сүрөттүн бир бөлүгүнө басылышы керек).
- Текшерүүнү жүргүзгөн дарыгердин жана мугалимдин колу коюлган арыз.
- Каттоого төлөнгөндүгү тууралуу квитанция
- Ар бир оюнчунун сүрөтү жана анын оюндагы орду (позиция)
Оюнчуларды каттоодо мугалим оюнчулардын кеңейтилген тизмесин катташы керек, анткени жыл ичинде кээ бир оюнчулар башка жакка которулушу же болбосо жаракат алышы мүмкүн
Спорттун футбол жана баскетбол түрүндө оюнчулар 8-11-класстын окуучусу болушу зарыл
Волейбол жана шахмат түрү боюнча бардык окуучуларга ойногонго уруксат берилет
4Мектеп администрациясы жана дене тарбия мугалими ар бир баланын ден-соолугу үчүн жоопкерчиликтүү болгондуктан, балдардын медициналык кароодон өтүшүнө жоопкерчиликтүү болот.
5Объективдүү жана калыс оюн үчүн райондук жана облусттук этаптарда калыстар тобу түзүлүп, ар бир каалаган мугалим калыстар тобуна кирип, башка мектептердин оюндарына калыс катары катышка алат. Калыстар тобун түзүү милдети жаштар спорт мектебине жана облустук дене тарбия жана спорт башкармалыктарына жүктөлөт.
6Мектеп лигасына тиешелүү бардык маселелер дене тарбия жана спорттун аймактык өкүлдөрү менен чечилиши керек. Биринчиден, облустук этапка чейин жогорку орган же чечим кабыл алуучу орган катары облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы саналат. Бардык аракеттер аймактык башкармалыктар менен макулдашылышы керек.
7Мектеп лигасына катышуу үчүн мектеп администрациясы жана мугалимдери мыйзамда тыюу салынбаган булактардан (демөөрчүлүк, ата-энелердин жардамы ж.б.у.с.) 500, 1000 сом төлөшү керек.
Демөөрчүлүк каражаттар оюндарды уюштурууга, республикалык деңгээлдеги калыстардын акысын төлөөгө, мектеп лигасынын сайтын жүргүзүүгө, медалдарды жана белектерди сатып алууга, ошондой эле утуп чыккан командалардын башка мелдештерге катышуусуна жумшалаарын билүү маанилүү.
Финансылык каражаттардын негизги бөлүгү облустук этаптын байге фондунан бөлүнөт. Аймактык этапта командаларга берилүүчү байгелер:
- 1-орун үчүн жалпы команда үчүн жабдуулар (оюн формасы);
- 2-орун үчүн тор жабдуулары (сетка) жана топтор;
- 3-орун үчүн тор жабдуулар жана топтор
- Шахмат командалары шахмат комплекттер.
8Көптөгөн мектептердин жана мугалимдердин өтүнүчү боюнча быйылкы сезондо жаңы спорттук дисциплина — жеңил атлетика киргизилип жатат.
Жеңил атлетика боюнча мелдештер төмөндөгү дисциплинасында өткөрүлөт:
- 4 х 100 метрге эстафета (2 бала жана 2 кыз);
- 800 метрге кыздар;
- 1500 метрге балдар.
Командалардын жалпы саны 8 адамдан ашпашы керек.
Команданын акысы 600 (алты жүз) сом.
9Шахмат боюнча беттештер эл аралык эреже боюнча ойнотулат.
10Шахматты өткөрүү боюнча бардык жоопкерчилик федерацияга жүктөлөт, аны өткөрүүгө дене тарбия жана спорт бөлүмү көмөк көрсөтөт.
11Бишкек жана Ош шаарларынын бардык мектептери алдын ала макулдашып, шаардык комитеттердин негизги спорттук иш-чараларын календардык планына киргизүүгө тийиш. Республикалык маанидеги шаарлардын бюджети бар шаардык комитет жана шаарларда спортту өнүктүрүүгө жооптуу болгондуктан, шаардык этаптарды өткөрүү жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек.
Райондук жана шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыктары
Мектеп лигасын өткөрүү боюнча негизги жооптуу орган дене тарбия жана спорт боюнча облустук жана шаардык башкармалыктар болуп саналат. Бардык оюндар, эрежелер жана графиктер башкармалыктар менен макулдашылып, бекитилиши керек.
Дене тарбия жана спорт бөлүмдөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1Командаларды каттоодо мектеп администрациясына жана мугалимдерине ар тараптуу консультациялык жардам көрсөтүү.
2Каттоо аяктагандан кийин командалардын тизмесин тактоо жана уюштуруу комитетин түзүү, жооптуу адамдарды дайындоо.
3Калыстар тобун түзүп объективдүү баа берүү жана нааразычылыктарды, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн мектеп мугалимдерин тартуу. Мындай учурда мектеп мугалими өз командасынын ойноп жатканда калыстыктан убактылуу четтетилет.
4Жооптуу адамдар (уюштуруу комитети) зоналык оюндардын, тайпалык, райондук жана облустук мелдештердин графигин түзөт. Алар оюндарды өткөрүү жайларын аныктап, мүмкүн болушунча оюн жабдуулары менен камсыз кылышат.
5Райондук, шаардык жана облустук оюндарды өткөрүүдө башкы калыс жана жогорку бийлик органы болуп аймактардын башчысы саналат.
6Ар бир бөлүм, калыстар мене бирге, финалдык мелдеште утуучуларды аныктоого милдеттүү.
7Финалдык, республикалык оюндарга жолдомо берүү бөлүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Жолдо жүрүү, коопсуздук жана эрежелердин сакталышына окуу жайлардын, облустук жана шаардык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жооп беришет.
8Мүмкүнчүлүккө жараша бардык бөлүмдөр жергиликтүү бийлик органдары, райондук, облустук администрациялар менен биргеликте мектеп командаларына каржылык каражат бөлүү, ошондой эле демөөрчүлүк жардамдарды табуу боюнча иш алып барышат.
9Башкармалыктар спорттун түрлөрү боюнча оюндардын графигин жана расписаниесин климаттык шарттарга жана материалдык-техникалык базаларга жараша өз алдынча аныкташат. Мисалы, кыш мезгилинде волейбол боюнча, жылдын жылуу мезгилинде футбол боюнча, башка мезгилдерде жеңил атлетика боюнча. Бир гана шарт – жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо.
Этап боюнча мектеп лигасынын өткөрүү мөөнөтү
1I, II этаптар (зоналык жана райондук оюндар) облустук жана шаардык администрациялардын кароосу боюнча, бирок 2024-жылдын 5-апрелинен кечиктирбестен өткөрүлөт.
2III этап ( аймактык этап) 5-апрелден 20-апрелге чейин өткөрүлүп, финалдык оюндарга катышуу укугуна ээ болгон облустун чемпиондору аныкталат.
3IV этап финалдык оюндар 2024-жылдын 1-майынан 10-майына чейин өткөрүлөт. Департамент мамлекеттик экзамендердин жана жалпы республикалык тестирлөөнүн даталарына жараша финалдык оюндардын датасын, убактысын жана ордун өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти
Мектеп лигасынын оюндарын өткөрүү боюнча жалпы координациялоо жана жетекчилик департаментке жүктөлөт.
1Дене тарбия жана спорттун бардык бөлүмдөрүнүн, өспүрүмдөр спорт мектептеринин жана машыктыруучулардын ишин координациялайт.
2Финалдык оюндарды, облустук администрацияларды жана өспүрүмдөр спорт мектептерин жабдуулар менен камсыздайт.
3Финалдык оюндарды өткөрүү үчүн мүмкүн болушунча спорттук аянтчаларды жана башка шарттарды камсыздайт. Мектеп лигасына катышкан мектептердин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
4Оюндун регламентин иштеп чыгат жана бекитет. Мектеп лигасынын чемпиондорун аныктайт жана акчалай сыйлыктар менен сыйлайт
5Оюнчулар жана катышуучулар жөнүндө ишенимдүү маалыматтын берилишин көзөмөлдөйт.
6Уюштуруу комитетин жана башка иш-чарага тиешелүү аракеттерди координациялайт.
7Мугалимдер, уюштуруучулар жана спорт федерациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мектеп лигасы федерациялары
Мектеп лигасынын жобосунда көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары федерация облустук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген командаларды байгелер жана башка жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иш алып барат.
| Футбол 1-орун | Команда үчүн жабдуулар |
| Футбол 2,3 орундар | Топтор жана торлор |
| Волейбол боюнча 1-орун | Команда үчүн жабдуулар |
| Волейбол 2,3 орундар | Топтор жана торлор |
| Баскетбол 1-орун | Команда үчүн жабдуулар |
| Баскетбол 2,3 орундар | Топтор жана торлор |
| Жеңил атлетика 1-орун | Командалык жабдуулар |
| Жеңил атлетика 2,3 | оюундун футболкалары |
| Шахмат 1-орун | Команда үчүн жабдуулар |
| Шахмат 2,3 орундар | Инвентарь |
Аймактык мелдештердин байге фонду федерациянын эсебинен бөлүнөт.
Мындан сырткары, федерациянын жергиликтүү өкүлдөрү демөөрчүлөрдү тартуу иштерин жүргүзүшөт.
Спорт боюнча федерациялар
Спортту өнүктүрүү максатында спорт федерациялары кошумча төмөнкү функцияларды аткара алат.
1Спорт боюнча сертификаттарды берүү менен машыктыруучулук жана калыстык семинарларын өткөрө алышат.
2Таланттуу балдарды (жаш курагы боюнча) курама командаларга кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
3Региондордо спорттун өнүгүшүнө кошумча жабдуулар жана демөөрчүлүк жардам берет.
4Мүмкүн болсо, ар кандай этаптарда мектеп лигасын өткөрүүдө аттестацияланган калыстарды тандайт.
5Эгерде жетиштүү күч жана каражат болсо, мектеп лигасынын 1,2-этабын өз алдынча өткөрөт.