Школьная Лига | Шахматы

Шах и мат и выиграй чемпионат! Участвуйте в соревнованиях по шахматам, станьте победителями и получите командирование на международный турнир «Белая Ладья 2023» в Сочи, тур по Москве, медали, дипломы, денежные призы и кубок Школьной Лиги. 2 и 3 места также получат денежные вознаграждения и отправятся на тур по городам Узбекистана. Скорей собирайте команду, готовьте ферзей и королей и начинайте состязания!

Турнирдин жобосу 2023-2024

1. Максаттары жана милдеттери:

1.1Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Шахмат боюнча Мектеп Лигасынын» өткөрүү тартибин аныктайт.

1.2Кыргыз Республикасынын «Шахмат боюнча Мектеп Лигасы» (мындан ары - Лига) төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү жана жеке менчик мектептеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү;
- Дене тарбия, спорт жана сергек жашоо мүнөзүн кеңири пропагандалоо жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларын шахмат менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу;
- Мектеп Лигасына катышуучу командалардын арасынан эӊ мыктыларын аныктоо;
- Массалык дене тарбия жана спорт ишин уюштуруу формаларын өркүндөтүү максатында.

2. Мектеп Лигасынын I жана II этаптарынын өткөрүү орду жана мөөнөтү:

2.1I этап массалык даярдоо мелдештери Кыргыз Республикасынын ар бир жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептеринде октябрь-ноябрь айларында өткөрүлөт, мында окуу жайдын ар бир каалоочу окуучусу катышууга укуктуу.
Мектептин даярдоо мелдештеринин жүрүшүндө, КШС маалымат базасынын (4.4-бөлүм – 4-пунктту караңыз) идентификациялык номерине ээ болгон Лиганын ар бир катышуучусуна Титулдук демөөрчүнүн - ABChess сайтында шахмат боюнча машыгууга акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Лига платформасында ар бир катышуучу алган билимдерден кийин, Лигага катышуу үчүн мектеп командасын түзүү үчүн мелдештер өткөрүлөт. Мектеп мелдештеринин расмий протоколдору командалардын каттоосуна киргизилип, мектеп директорунун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Мектеп мелдештердин жыйынтыгы боюнча команда төмөнкү сайтта катталат: http://mektepliga.kg.

Ар бир команданын/мектептин өкүлү төмөнкү акысыз онлайн (Zoom платформасы) сабактарына катышууга мүмкүнчүлүк алат: “Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча машыктыруучусу”, “Кыргыз Республикасынын Шахмат арбитри”, “Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча турнирлеринин уюштуруучусу”.

2.2II этап - орто жана жеке менчик мектептердин курама командаларынын арасындагы райондук жана шаардык лигалары. Облустук, андан кийин шаардык этапта жеңген команда кийинки этапка өтүп, Лиганын аймактык этабынын турнирдик жобосун алат.
Өткөрүү мөөнөтү: декабрь-март арасы. Ар бир аймак уюштуруучулардан район жана шаарлар боюнча турнирлердин графигин алат, баардык капитандарды жана мектеп өкүлдөрүн маалымдоо үчүн райондор боюнча жалпы топтор түзүлөт.

2.3Лига Эл аралык Шахмат Федерациясынын ФИДЕ (мындан ары - ФИДЕ) жана Кыргыз Шахмат Союзунун (мындан ары - КШС) коопсуздук талаптарына жана стандарттарына жооп берген спорттук, окуу залдарында жана башка жайларда өткөрүлөт.

3. Мектеп Лигасынын жетекчилиги:

3.1Лиганы өткөрүү боюнча жалпы жетекчилик КШС менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана жаштар саясаты Министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт Департаменти, (мындан ары - Департамент) жана Мектеп Лигасынын Федерациясы (мындан ары - Федерация) тарабынан иш жүзүнө ашырылат.

3.2Лиганын түздөн-түз өткөрүү жетекчилиги Департамент жана Федерация менен бирге КМШ тарабынан бекитилген башкы калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт.

4. Мектеп Лигасын өткөрүүнүн шарттары

4.1Лигага Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептеринин командалары катышат.

4.2Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептеринин шахмат командаларынын жетекчилери Лиганын баардык этаптарында болууга тийиш.

4.3Шахмат боюнча мелдештерге катышуу үчүн билдирүүлөр «Мектеп лигасынын» онлайн платформасында берилет.

4.4Платформага катталуу үчүн төмөнкү документтер/маалыматтар тиркелиш керек:
1) Мектеп мелдештердин расмий протоколдору мектеп директорунун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүшү керек;
2) Tуулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү (башка өздүгүн тастыктоочу документтер каралбайт);
3) Окуган жеринен справка (белгиленген тартипте кубөлөндүрүлгөн) (справкада окууга кабыл алуу жөнүндөгү буйруктун номери жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш);
4) КШС менен жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептин ортосунда түзүлгөн меморандумунун идентификациялык номери (мындан ары - ИН) base64_decode(ИН зарыл болгон учурда 0707 064 000 телефонуна чалыңыз)
5) Окуучунун КШС тарабынан берилген шахматчылар базасынын ИНи (ИН алуу үчүн 0707 064 000 телефонуна чалыңыз. КШСнын ИНин ачуунун баасы – жаңы шатматчы үчүн 100 сом, ФИДЕ ИН коду бар шахматчылар үчүн КШС ИН ачуунун баасы 0 сом.).Шахматты санариптештирүүнүн алкагында КШС ИН аркылуу IV категориядан I категорияга чейинки шахмат категориялары ыйгарылат.
6) Лигага катышуу үчүн турнирдик жыйымдардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.

4.5Мелдешке Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жана жеке менчик мектебинде 6 (алты) айдан кем эмес окуган окуучулары (2-жана андан жогорку класстар үчүн) катыша алышат. Катышуучулардын арасынан туура эмес коюлган спортчулар же жасалма документтер табылса, команда мелдештен четтетилет.

4.6Лиганын катышуучулары жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн мектептин директору жана мектептин шахмат командасынын жетекчиси (машыктыруучу-мугалими) жеке жоопкерчилик тартат;

4.7Билдирүүлөр мелдеш башталганга чейин берилет, баштапкы билдирүүгө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Кечигип берилген билдирүүлөр, ошондой эле мектептердин ыйгарым укуктары жок адамдар тарабынан кол коюлган билдирүүлөр кароосуз калтырылат. Билдирүүлөр үлгүгө ылайык так түзүлүшү керек;

4.8Шахмат боюнча мелдештерди өткөрүү тартиби башкы калыстар тобу жана уюштуруучулар тарабынан аныкталат;

4.9КШС жагдайларга (катышуучулардын санына, аба ырайынын шарттарына ж.б.) жараша негизги калыстар тобуна мелдештин тартибин жана убактысын өзгөртүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептеринин коллективдеринин өкүлдөрүнө 3-7 (үч-жети) жумушчу күн мурун берилет.

4.10Шахмат командалары үчүн бирдей форма кийүүгө катуу талап кылынат. Лига программасына катышкан командаларын бирдиктүү спорттук форма менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептерине жүктөлөт.

5. Лиганын мелдештери жана төгүмдөрү:

5.15.1. Мелдеш уландар жана кыздар арасында 8 тактада өткөрүлөт:

" Келечек командалык мелдеши "

Команданын курамы: 4 бала жана 4 кыз (милдеттүү түрдө);
Такталардын жайгашуусу:
- 1 такта –17 жаштагы жана андан кичүү балдар;
- 2 такта – 17 жаштагы жана андан кичүү кыздар;
- 3 такта – 14 жаштагы жана андан кичүү балдар;
- 4 такта – 14 жаштагы жана андан кичүү кыздар;
- 5 такта – 11 жаштагы жана андан кичүү балдар;
- 6 такта – 11 жаштагы жана андан кичүү кыздар;
- 7 такта – 9 жаштагы жана андан кичүү балдар;
- 8 такта – 9 жаштагы жана андан кичүү кыздар;

Команданын мүчөлүк акысы: 800сом;

6. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартиби:

6.1II этапта 1, 2, 3-орундарды ээлеген катышуучулар/командалар медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышат;

6.21-орунду алган командалар Мектеп лигасынын аймактык III этабына катышууга жолдомо алышат;

6.3. Командалык мелдештин жеңүүчүсү турнирдин II этап Лигасынын бардык турларында упайлардын эң көп суммасы боюнча аныкталат (жеңиш - 2 упай, тең чыгуу - 1 упай, жеңилүү - 0 упай);

6.4Упайлар тең болгон учурда орундарды аныктоо үчүн ырааттуу түрдө төмөнкү кошумча көрсөткүчтөр колдонулат:

Командалык турнир үчүн:

Швейцариялык командалык системасы боюнча
- командалардын жеке жолугушуусу;
- команданын ар бир мүчөсүнүн упайларынын жалпы саны;
- орунду пайлашкан командалардын ортосундагы биринчи тактанын жыйынтыгы.

Командалык айлампа системасы боюнча:
- командалардын жеке жолугушуусу;
- команданын ар бир мүчөсүнүн упайларынын жалпы саны;
- орунду пайлашкан командалардын ортосундагы биринчи тактанын жыйынтыгы.

6.5Командалардын өкүлдөрү (капитандар) оюн залында болууга, унчукпай оюндарды байкоого, өз командасынын мүчөлөрүнө же оюнчуларга калыс аркылуу суусундуктарды, дары-дармектерди, кийимдерди берүүгө укуктуу;

6.6 Команда өкүлдөрү (капитандары) оюн залына киргенде калыстарга телефондорду жана башка электрондук каражаттарды тапшырууга милдеттүү;

6.7 Турнирлер катышуучу командалардын санына жараша ФИДЕнин эрежелери боюнча Swiss manager - компьютердик чүчүкулак аркылуу швейцариялык же айлампа системада (7-9 турда) өткөрүлөт;

6.8Лига биринчи кадамдан баштап ар бир оюнчу үчүн оюнга 10 мүнөт + 10 секунд убакытты көзөмөлдөө менен ойнолот.

7. Каржылоо:

7.1Лиганын биринчи этаптары Лигага катышкан Кыргыз Республикасынын ар бир орто мектебинин финансылык каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт;

7.2Шахмат лигасынын экинчи этабын даярдоо жана өткөрүү чыгымдары (спорттук имараттарды ижарага алуу, судьялар коллегиясынын, медициналык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө, канцелярдык буюмдар, сыйлыктар) КШС, Департамент жана Федерация менен бирдикте райондук жана шаардык спорттук департаменттердин финансылык каражаттарынын эсебинен каржыланат;

7.3Мелдеш өтө турган жерге барууга байланыштуу команданын чыгымдары - II этапка катышуучу жалпы билим берүү жана жеке менчик мектептердин эсебинен каржыланат.

8. Апелляциялык комитети

Талаштуу маселелерди чечүү үчүн ар бир этапта, ар бир турнирдин техникалык жыйынында Апелляциялык комиссия (АК) шайланууга тийиш: төрага, АКнын 2 негизги мүчөсү + АКнын 2 резервдик мүчөсү;

Команданын өкүлү 2000 сом өлчөмүндө апелляциялык жыйым төлөп, оюн аяктагандан кийин 10 мүнөттөн кечиктирбестен АКга жазуу жүзүндө апелляциялык даттануу менен калыстар коллегиясынын каалаган чечимине нааразылык билдире алат
Апелляциялык комиссиянын чечими акыркы болуп саналат;
Эгерде даттануу канааттандырылса, даттануу акысы толугу менен кайтарылып берилет.


Команды Школьной Лиги по шахматам

Всего команд: 6

Баткенская область - 0 команд

баткенский район - 0 команд

кадамжайский район - 0 команд

лейлекский район - 0 команд

Жалал-Абадская область - 1 команд

аксыйский район - 0 команд

ала-букинский район - 0 команд

базар-коргонский район - 0 команд

ноокенский район - 1 команд

сузакский район - 0 команд

тогуз-тороуский район - 0 команд

токтогульский район - 0 команд

чаткальский район - 0 команд

город Манас - 0 команд

город Кара-Куль - 0 команд

город Кок-Жангак - 0 команд

город Майлуу-Суу - 0 команд

город Таш-Кумыр - 0 команд

Иссык-Кульская область - 2 команд

ак-суйский район - 0 команд

жети-огузский район - 1 команд

иссык-кульский район - 0 команд

тонский район - 0 команд

тюпский район - 1 команд

Нарынская область - 0 команд

ак-талинский район - 0 команд

ат-башинский район - 0 команд

жумгальский район - 0 команд

кочкорский район - 0 команд

нарынский район - 0 команд

город Нарын - 0 команд

Ошская область - 2 команд

алайский район - 0 команд

араванский район - 0 команд

кара-кулжинский район - 0 команд

кара-сууский район - 0 команд

ноокатский район - 1 команд

узгенский район - 1 команд

чон-алайский район - 0 команд

Таласская область - 1 команд

бакай-атинский район - 0 команд

кара-бууринский район - 1 команд

манасский район - 0 команд

таласский район - 0 команд

Чуйская область - 0 команд

аламудунский район - 0 команд

жайылский район - 0 команд

кеминский район - 0 команд

московский район - 0 команд

панфиловский район - 0 команд

сокулукский район - 0 команд

чуйский район - 0 команд

ысык-атинский район - 0 команд

город Бишкек - 0 команд

ленинский район - 0 команд

октябрьский район - 0 команд

первомайский район - 0 команд

свердловский район - 0 команд

город Ош - 0 команд

город Ош - 0 команд